Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөр мартка белгиленди

Астана.

Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөр март айында өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Астанадагы соңку сүйлөшүүлөр былтыр 21-22-декабрда өтүп, кийинки жыйын февралга белгиленген.

Кийинчерээк казак тарап жыйын сүйлөшүүгө катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин өтөрүн маалымдаган.

Жети жылга созулган жарандык согушта Сирияда 330 миңден ашуун киши каза таап, миллиондогон адам мекенин таштап кетти.