Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн Кытайдан алынган насыяга 100 миллион доллардан ашык үстөк пайыз төлөнөт. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков 20-февралда ЖЭБдеги авариянын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында эл өкүлү Улан Примовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, насыя эки пайыздык жылдык үстөк менен 20 жылга алынган. Келишимге ылайык, 2033-жылга чейин Кытай тарапка 100 миллион доллардан ашык үстөк пайызы менен 493 миллион доллар кайтарылууга тийиш.
Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясы акча 20 жылга 2 пайыз жылдык үстөк менен берилсе, анын он бир жылы жеңилдетилген мезгил экенин билдирген.
26-январда бул ишканада суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта баш калаанын тургундары беш күн бою жылуулуксуз калган. Ушундан кийин ЖЭБди модернизациялоого кеткен каражаттын натыйжалуу сарпталышы суроо жараткан. Кырдаалдын себептерин аныктоо үчүн өкмөт мекеме аралык, Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзгөн.
Депутаттык комиссия ЖЭБди жаңылоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын да иликтей баштаган. (NT)