Тышкы иштер министринин орун басары иштен бошоду

Эмил Кайкиев.

Эмил Кайкиев тышкы иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка 20-февралда премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Анда Кайкиевдин бошотулганы анын башка жумушка өткөндүгү менен түшүндүрүлдү.

Эмил Кайкиев бул кызматта 2015-жылдан бери иштеп келген.