Масалиев: ЖЭБди жаңылоодогу 300 миң доллар кайда?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

20-февралда Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны жана ага сарпталды делген 386 млн. доллардын максаттуулугун иликтеген депутаттык комиссия кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев TBEA менен түзүлгөн келишимде ЖЭБди жаңылоонун 1 мегаватты 1287 доллар болот деп жазылганын, иш жүзүндө 1286 доллардан айланганын айтты.