Пхенчхаң Олимпиадасы: Канада менен Германия алтынды бөлүштү

Латвиялык бобслейчилер

19-февралда Пхенчхаңдагы Олимпиадада үч медал топтому ойнотулду.

Лыжа менен трамплинден секирүү боюнча норвегиялык эркектер командасы чемпион болушту. Күмүш германиялыктарга, коло Польшанын атлеттерине буйруду.

Коньки тебүүдөн да норвегиялык Ховард Лоренцен алтынды алып кетти. Экинчини Түштүк Корея спортчусу Ча Мин Кю, үчүнчү орунду кытайлык Гао Тиньюй жеңип алды.

Баарынан да бобслейде кызык болду. Эки кишиден турган командалардын жарышында Германия менен Канаданын спортчулары экөө тең алтын медалга арзыды. Алар төрт жолку аракеттен кийин бирдей убакыт көрсөтүп, марага 3 мүнөт 16,86 секундада келишти.

Алардан кийинки көрсөткүчкө жетишкен үчүнчү команда - латвиялыктар коло медалды жеңишти.

19-февралдын жыйынтыгында жалпы медалдык эсепте 11 алтыны менен Норвегия алдыда. 10 алтыны менен Германия экинчи. Алтыдан алтыны менен кийинкиде Канада менен Голландия келатат. АКШда беш алтын бар.
Орусиядан барган атлеттер азырынча алтын алыша элек.

Оюндар 25-февралда жыйынтыкталат.