Абактагы саясатчылардын акциясы уланууда

Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанова.

Абактагы оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармоону уланып жатышат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан өкүлү Александр Никсдорф “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Бектур Асанов №47 абакта, ал эми Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков Бишкектеги №1 тергөө абагында акциясын улантууда. Никсдорф алардын саламаттыгына абактагы дарыгерлер көз салып жатканын билдирди.

Буга чейин соттолуучулардын жакындары ачкачылык кармагандардын абалы күн сайын начарлап жатканын айтышкан.

Кыргызстандагы "Саясий туткундарды коргоо комитети" абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын абалына көңүл бурууну суранып, президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылган.

Кайрылууда алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаевдин, соттордун, прокурорлордун ишмердигин текшериш үчүн мамлекеттик комиссия түзүүнү, аларга нааразы болгон элдин үнүн угуп, мыйзамсыз иштерге чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Сөз болуп жаткан үч саясатчы "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга кескен. Алар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып, УКМКнын жетекчиси кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тарта "кургак ачкачылык" баштаган. (BkA)