Латвияда башкы банкир кармалды

Латвия өкмөт башчысынын кеңсеси Коррупцияга каршы агенттик Борбордук банктын башкаруучусу Илмарс Римсевичти кармаганын билдирди. Премьер-министр Марис Кучинскистин кеңсеси мындай билдирүүнү 18-февралда банкирдин жумуш бөлмөсүндө жана үйүндө тинтүү жүргөнү тууралуу кабар чыккандан кийин жасады.

Маалыматтарда бул иштин чоо-жайы айтылбаганы менен “Латвиянын финансылык системасына коркунуч келтирилбегени” белгиленген.

Кырдаалды талкуулоо үчүн өкмөт 19-февралда чукул жыйын өткөрөт. Ал эми президенттин кеңсеси кийинки жумада Коопсуздук кеңеши банк тармагын талкуулай турганын билдирди.

Латвиянын Борбордук банкы жана Европанын борбордук банкы Римсевичтин кармалышы боюнча пикирин билдире элек. Евробиримдикке мүчө өлкө бирдиктүү валюта – еврону колдонот.