Үйүн алты жолу тоноткон ырчы министрге кайрылды

Айбек Карымов

Ырчы, обончу Айбек Карымов үйүн тоногон ууруларды тез арада кармап берүү өтүнүчү менен ички иштер министри Улан Исраиловго кайрылуу жолдоду.

Ырчынын “Азаттыкка” маалымдашынча, Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы үйүнө өткөн жылы беш жолу, быйыл январда алтынчы жолу ууру кирген. Уурулар үйдөгү буюм-тайымдарды, техникалык жабдууларды, кийим-кечектерди көтөрүп кетишкен. Бери дегенде бир миллион сомго жакын зыян тартканын айткан ырчы уурулар сейфтеги травматикалык тапанчаны да алып кетишкенин кошумчалады.

Үйгө камера орнотулганы менен, уурулар ушул күнгө чейин табыла элек.

Айбек Карымов бул алты факт боюнча милицияга арыз жазганын айтып, бирок бул кылмыштардын жүзү ачылбай келатканына даттанды:

"Акыркы эки жылда милиция кызматкерлери менин ишеничимди, менин гана эмес, элдин да ишеничин актай албай калды. “Менин милициям мени коргойбу же кордойбу” деген эки анжы ойдо турам",-деп айтылат ырчынын министрге жолдогон кайрылуусунда.

Маданият кызматкери уурулукка киргендердин бири тапанча көтөрүп жүргөндүктөн учурда Ак-Жол айылындагы үйүндө жашагандан жана балдарынын коопсуздугунан кооптонуп жатканын айтты. Ырчы бул кыштакта бир жылда 20 үй тонолгонун кошумчалады.

ИИМ жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгы азырынча бул фактылар боюнча комментарий бере элек. (ErN)