Орусия Кыргызстандан бараткан күрүч менен буурчакты артка кайтарды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Айыл чарба көзөмөл башкармалыгынын Оренбург облустук бөлүмү кыргызстандык ишкерлер алып бараткан 1,6 тонна күрүчтү жана 2 тонна буурчакты фитосанитардык нормаларга жооп бербейт деген жүйө менен артка кайтарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Анда айтылгандай, Бишкектен бараткан азыктар Акбулак районундагы “Сагарчин” чек ара өткөрмө бекетинде кармалган. Москва шаарына бараткан азык-түлүктүн сертификаттары болбогону маалымдалды.

Аталган мекемеден билдиришкендей, Орусиянын Айыл чарба көзөмөл башкармалыгынын (Россельхознадзор) Оренбург облустук бөлүмү жыл башынан бери карантинге кирген жана фитосанитардык нормаларга жооп бербеген 365 тонна жүктү башка өлкөлөргө кайтарган. (ErN)