Тогуз-Тородо жоголгон чабандардын сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда он күндөн бери изделип жаткан эки чабандын сөөгү 15-февралда эртең менен табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар кар астында калышкан.

Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылынын тургундары, 41 жана 28 жаштагы эки чабан мал издеп кетишкен бойдон дайынсыз жоголушкан. Алар менен кеткен дагы бир адам 12-февралда кайтып келип, шериктери адашып кеткенин айткан.

Издөө иштерине жергиликтүү 32 тургун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт куткаруучусу катышты. (SE)