Маматова: Классикалык музыка баам сыртында калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз классикалык музыкасы үчүн эгемендик жылдар кыйын кезең, олуттуу сыноо болду. Өңгөсүн айтпаганда да, өлкөнүн эң ири маданий жайы - Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында кыргыз композиторлорунун бир да опера же балеттик чыгармалары коюла электиги жагдайдын кандай экенин айтып отурса керек. Белгилүү музыка изилдөөчү Жамила Маматова маданий тармактагы орчундуу маселелердин тегерегинде ой жүгүртөт.