Израил полициясы Нетаньяхуга коррупция боюнча айып тагууну сунуш кылды

Беньямин Нетаньяху. 11-февраль, 2018-жыл.

Израил полициясы премьер-министр Беньямин Нетаньяхуга коррупция боюнча айып тагууну сунуш кылды. Укук короо органдары жүргүзгөн эки иликтөөнүн жүрүшүндө саясатчы ишкерлерди тымызын колдогону үчүн кымбат баалуу белектерди алып турганы аныкталган. Алардын баасы 10 миңдеген доллардан ашаары айтылат.

Полициянын версиясына ылайык Нетаньяху "Едиот Ахронот" гезитин чыгарган Арнон Мозес менен келишим түзүүгө аракеттенген. Премьер-министр өзү жөнүндө “жакшы маанайдагы” макалалардын акысына басылманын башкы атаандашы "Исраэл Хайом" гезити менен күрөштө колдоо көрсөтүүнү сунуш кылган.

Беньямин Нетаньяху Израилдин жарандарына кайрылуусунда мыйзам бузган эч кандай иш кылбаганын айтты. Полиция сунуш гана киргизе алат. Юстиция министри кылмышка шектүү өкмөт башчы кызматынан кетпей эле койсо болорун тактады.

68 жаштагы Беньямин Нетаньяху экинчи мөөнөтүн аркалап жатат, жалпысынан 12 жыл өкмөттү жетектеди.

Былтыр декабрда жыйырма миңге жакын израилдиктер Тель-Авивдеги коррупцияга каршы демонстрацияга чыккан. Алар мамлекеттик кызматкерлерге тагылган айыпты коомчулукка жарыялап, прокуратурага сунуш кылууга тыюу салган мыйзамдарга нааразы экенин билдиришкен.