Чек ара эрежелерин бузду деп эки чет өлкөлүк кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасы.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Өзбекстанга жакын аймакта чек ара эрежесин бузган эки чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Кабарларга караганда, кармалгандар Молдова Республикасынын жарандары экени аныкталды. Алар Кыргызстандын Өзбекстан менен чек ара сызыгына 50 метрге чейин жакындап барып, чек араларга байкоо салып жүргөн. Кармалгандар өздөрү муну саякаттап жүрүп адашып кетишкени менен түшүндүргөн. Алар чек ара аркылуу картаны карап, андан ары жол табууну максат кылышканын айтышты.

Чет элдиктер Кыргызстанга 2017-жылы апрелде Тажикстан аркылуу келген. Тергөө учурунда алардын Кыргызстанда жүрүү укугу 2018-жылдын январь айында аяктаганы белгилүү болду.

Кармалгандарга карата тиешелүү документтер толтурулгандан кийин алар УКМКнын жергиликтүү бөлүмчөсүнө өткөрүлүп берилди. (ErN)