Орусиядагы учак кырсыгынын болжолдуу себеби аныкталды

Кырсыкка кабылган Ан-148 учагынын калдыктары. Москва облусу, Степановский айылы. 11-февраль, 2018-жыл.

Москвадан алыс эмес жерде Ан-148 учагынын кырсыкка кабылышына датчиктер тоңуп калып, ошондон улам ылдамдыкты туура эмес көрсөткөнү себеп болушу мүмкүн. Москвада жайгашкан эл аралык авиация комитетинин өкүлдөрү учактын "кара кутуларындагы" маалыматтарды чечмелеген соң азырынча ушундай тыянакка келишти.

"Кара кутулардагы" маалыматтар учак кулаарда эки датчик эки башка ылдамдыкты көрсөтүп турганын айгинелеген. Биринде ылдамдык тез көтөрүлүп кетсе, экинчисинде нөлдү көрсөтүп турган.

Мындай айырмадан соң экипаж автопилотту өчүрүп, кол менен башкарууга өткөн. Бирок ага карабай асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй учак жерге кулап түшкөн.

"Саратов аба жолдору" компаниясына таандык учак 11-февралда Москва-Орск багыты боюнча "Домодедово" аэропортунан учуп чыккандан көп өтпөй кулап түшкөн. Анын калдыктары Подмосковьедеги Степановский айыл аймагында отуз гектардай аянтка чачылып кеткени аныкталган.

Учактын бортунда 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон, бирөө да тирүү калган эмес.