Түштүк Кореянын экс-президентинин курбусу 20 жылга кесилди

Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хенин курбусу жана бир кездеги кеңешчиси Чхве Сун Силь сотко жеткирилди (ортосунда). Сеул, 16-январь, 2017-жыл.

Түштүк Кореядагы сот мамлекеттин мурдагы президентинин курбусун жыйырма жылга абакка кести. Чхве Сун Силь "паракорлук кылган жана өлкөнүн саясий иштерине кийлигишкен" деген кинелер боюнча күнөөлүү деп табылды. 13-февралда чыккан соттун өкүмүнө ылайык ал 16,5 миллион доллар өлчөмүндө айыппул төлөөгө да милдеттендирилди.

Чхве Сун Силь бир нече жыл бою Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хенин кеңешчиси болуп турган. Эки жыл мурда саясий чуу чыгып, тергөөнүн натыйжасында Чхве Сун Силь өз таасирин колдонуп, ири корпорацияларды өзүнө байланыштуу фонддорго акча бөлүүгө мажбурлаганы маалым болгон.

Пак Кын Хе болсо 2017-жылдын жазында импичмент аркылуу бийликтен четтетилген. Ал да "коррупцияга аралашкан, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана мамлекеттик сырды ачкан" деген айыптар менен камакка алынган.