Өкмөт башчы Сапар Исаков 13-февралда Баткенге барганда облус активинин жыл жыйынтыгын чыгарган отурумуна катышты. Ал коңшу мамлекеттер менен чектеш аймактардагы жергиликтүү бийлик башчыларына кайрылып, чек арадагы жаңжалдарга жол бербөөгө, чыр-чатактардын алдын алууга чакырды:
- Коңшу мамлекеттер менен биз абдан жакшы, достук мамиле түзүшүбүз керек. Ошон үчүн сиздер кошуна өлкөлөрдөгү кесиптештер менен, акимдер, айыл өкмөттөр болобу, бири-бириңерге барып, биргелешкен иш-чараларды өткөрүп, кол үзбөй иштешиңер зарыл.
Сапар Исаков Баткенде Кадамжай районундагы орто мектептин ачылышына катышып, мөмөлүү дарактардын көчөттөрүн даярдаган дыйкандар менен жолугат. (JsA)