АКШнын президенти Доналд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Израил-Палестина маселесин чечүүгө мезгил жеткенин айтты. Бул тууралуу Ак үй билдирди.
Эки лидер 12-февралда, Путин менен Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббастын Москвада болгон жолугушуусунун алдында сүйлөштү. Аббас менен жолукканда Путин Трамп менен баарлашканын айтты.
"Кырдаал биз каалагандай эмес" деген Путин ал ар дайым палестин элин колдоп келгенин кошумчалады.
Аббас болсо палестиндер Кошмо Штаттарды мындан ары тынчтык жараяндагы жалгыз ортомчу катары кабыл албасын билдирди.
Трамп өткөн жылдын соңунда Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, Американын элчилигин бул шаарга көчүрүү ишин баштоо боюнча чечимин жарыялаган. Бул билдирүү палестиндерди жана эл аралык коомчулукту нааразы кылган.
Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин баш калаасы катары көрүшөт. Аббастын Москвадагы иш сапарынан эки жума мурун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Путин менен жолугушуп кеткен. Башында Аббас Путин менен Сочиде жолугууну болжоп жаткан. Бирок Орусиянын лидери Москвага жакын жерде болгон учак кырсыгына байланыштуу Москвада калууну чечкен.