Бишкекте жатын рагын дарылаган жабдуу иштен чыкты

Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Бишкектеги Улуттук онкологиялык гематологиялык борбордо аялдардын жатын рагын радиоактивдүү нур аркылуу дарылоочу АГАТ-ВТ аттуу жабдуу жарактан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бул жабдуу 2016-жылы октябрда Орусиянын "Росатом" ишканасынан алынган. Бузулган аппаратты оңдош үчүн аталган компаниянын инженерлери чакырылды.

Оңдоо иштери бир айга чейин созулушу ыктымал экенин билдирген министрлик бейтаптардан кечирим сурады.

Кыргызстанда аялдардын жатын моюнчасынын рагын дарылоочу жабдуулар жетишсиз экени буга чейин да айтылып келген. (BCh)