Жекшенкулов: ТИМ менен элчиликтин талашын комиссия иликтеши керек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын Тышкы иштер министрлигинен “мыйзамга туура келбеген тапшырмалар берилет” деген билдирүүсү ар кандай талкууланууда. Айрым дипломаттар элчи кызматтык этиканы бузду деп сындаса, башкалар Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинде калыптанып калган көйгөйдү көтөрүп чыкканын колдошууда. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов министрлик менен элчиликтин ортосундагы талашты атайын комиссия же парламент териштириши керек деген ойдо.