Таласта өкмөт өкүлүнүн биринчи орун басары алмашты

Талас.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп Канымет Осмонбеков дайындалды.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы кол койгонун облустук коллегиянын бүгүнкү жыйынында вице-премьер-министр Санжар Муканбетов билдирди.

Канымет Осмонбеков буга чейин Талас облусунун Бакай-Ата районунун акими болуп иштеп келген. (AlS)