Ирандын түрмөсүндө өлгөн окумуштуу “тыңчылыкка” айыпталган

Кавус Сеид-Эмами

Ирандын соту “тынчылыкка” шектелип кармалган, Ирандын жана Канаданын жараны, социолог окумуштуу Тегерандагы түрмөдө өз жанын кыйганын билдирди.

Кавус Сеид-Эмами түрмөдө каза тапканын анын уулу, ирандык музыкант Раама Эмами дагы кабарлады. Анын айтуусуна караганда, атасынын өлгөнү тууралуу кабарды энеси 9-февралда алган.

Кавус Сеид-Эмами “тыңчылыкка байланыштуу иште айыпталуучулардын бири болчу. Тилекке каршы, көптөр аны айыптаган көрсөтмө беришкенден кийин жана өз көрсөтмөлөрүнөн улам ал жанын кыйды”, – деп билдирди жекшембиде Тегерандын прокурору Аббас Жафари-Долатабади жергиликтүү ИЛНА маалымат агенттигине.

Канаданын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди.

63 жаштагы Сеид-Эмами АКШда билим алган. Тегерандагы Имам Садех университетинин социология боюнча профессору 24-январда кармалган. Бул окуу жайда Ирандын болочоктогу мамлекеттик кызматкерлери билим алат. Сеид-Эмами болсо студенттерге башка көз карашты дагы тааныштырууну өз милдети катары сезгенин айтып келген.

Ал буга чейин Перс булуңундагы жаратылышты коргоо корунун жетекчиси болгон.