Султан: ТИМ Кореяга жеке иштери менен келгендерди тосуп алууга жумшап атат

Кылычбек Султан.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлиги элчиликти бул өлкөгө жеке иштери менен барган кишилерди тосуп алууга мажбурлап жатканын айтып чыкты. Элчинин айтымында, министрлик мындай тапшырмаларды расмий жөнөтүп жатканы мыйзамга туура келбейт:

- Негизи Тышкы иштер министрлигинен Түштүк Кореяга жеке иштери менен келген жарандарды тосуп алууну талап кылган тапшырма берилбеши керек. Анткени окууга же башка бизнес иштери менен келген кишилерди тосуп алуу элчиликтин милдетине кирбейт. Алар бизди туристтик агенттик эле кылып алышты. Расмий делегеция келсе - сөз жок, биз тосуп алабыз, бирок эми ар бир келген эле кишини тосуп алуу биздин милдет эмес. Эгер бул расмий тапшырма болуп келбесе да макул эле. Бирок бул жерде расмий буйрук, тапшырма катары келип жатканы мени таң калтырып жатат. Бул мыйзамсыз нерсе, буга министрликтин жетекчилиги көңүл бурушу керек.

Элчинин айтымында, мындай учур бирин-серин эмес, акыркы жолу Түштүк Кореянын Инчхон шаарындагы аэропорттон Кыргызстандын жарандарын тосуп алууга тапшырма келген. Алар окууга келген.

Кылычбек Султандын маалыматына караганда, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинде беш киши иштейт. Алардын ар биринин өзүнчө милдети бар жана алар ар бир келген жаранды тосуп алууга мүмкүнчүлүгү жетпейт, буга мамлекет тараптан каражат да каралган эмес. Ал ошондой эле бул жагдай расмий делегацияны жана Түштүк Кореяда өтчү Олимпиадага келген оюнчуларды тосуп алууга тиешеси жок экенин кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү бул боюнча кенен комментарий берүүдөн карманып, бирок Султандын дооматтарына “түшүнбөй жатышканын" билдиришти. Алардын айтымында, “Кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары бардык кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүүгө багытталган, андыктан муктаж жарандарды тосуп алышы да керек”. Бирок министрликтин өкүлдөрү мындай тапшырма эмне үчүн расмий түрдө берилип жатканын кенен түшүндүрүшкөн жок. (ErN)