7-февралда башталган иш-чарада “Кыял чабытынын таттуу даамы” аттуу көркөм фильм баштаган алты тасма көрсөтүлүүдө.
Алар Ирандагы эл аралык “Фажр” кинофестивалында жана чет өлкөлүк башка сынактарда алдыңкы сыйлыктарга ээ болушкан.
Ирандын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, маданий иш-чара Ирандагы Ислам Революциясынын 39 жылдыгына арналган. Акыркы жылдары Ирандын кино жумалыгы Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйылкы иш-чара бүгүн аяктайт. (ZA)