Европарламент Чеченстанда камакка алынган укук коргоочу Оюб Титиевди "токтоосуз бошотууга" чакырды. 8-февралда кабыл алынган резолюцияда "Орусия бийлиги Титиевдин адамдык жана юридикалык укуктарын урматтоону толук камсыздашы керек" деп жазылат.
Резолюцияда Титиевде адвокаттын кызматын колдонууга, медициналык жардам алууга укугу бар болгону, ур-токмокко алынбай, ар-намысы тебеленбеши зарыл экени, криминалдардан корголушу керектиги айтылат.
Титиевдин иши "Чеченстанда иштеген укук коргоочуларды жана көз карандысыз журналисттерди жаман көрсөтүп, коркутуп, кол салып жана камакка алган тынчсыздандыруучу тенденциянын бир бөлүгү" - деп жазылат Европарламенттин резолюциясында.
Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо уюмунун Грозныйдагы бөлүмүн жетектеген Титиев 9-январда кармалган. Ал маңзат ташыган деген айып менен эки айга камалган. Укук коргоочу кинени толугу менен четке кагып, өзүнө каршы козголгон кылмыш иши жасалма болгонун, машинесине маңзат атайын ташталганын билдирген.