Отунбаева Салянова боюнча президентке кайрылганы кабарланды

Роза Отунбаева.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева депутат Аида Салянованын сот ишине байланыштуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Кайрылуунун текстин Салянованын тарапкерлери таратып жатышат, бирок бул маалыматты Отунбаеванын өзүнүн фондунан жана президенттик аппараттан тастыктоо мүмкүн болгон жок.

Кайрылууда Саляновага карата тагылып жаткан айыптарды, сот процессинин жагдайларын объективдүү жана терең иликтөө зарылдыгы айтылган. “Принципиалдуулук, мыйзамдуулук жана акыйкат камсыз кылынса жүздөгөн судьяларга жол көрсөтүлөрү, аларга сот акыйкаттыгын бузбай иштөөгө мүмкүнчүлүк берилери” белгиленген.

Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата сот өкүмүн угузуу алдында турат. Ал "юстиция министри болуп турганда мыйзам бузган" деп соттолууда. Салянова өзү муну саясий куугунтук деп эсептейт.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (RK)