Швейцариялык компаниянын "Мегакомду" сатып алуу боюнча арызы каралууда 

"Мегаком" компаниясынын имараты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабарлагандай, швейцариялык "ALF Consulting SA" компаниясынын каржы директору Мари Гамерданжеден кайрылуу жакында эле келди. Ал “Альфа Телеком” жоопкерчилиги чектелген коомунун 100% акциясын сатып алууга кызыкчылыгы бар экенин билдирген. Аталган компаниянын арызы «Альфа Телеком» ишканасынын кароосуна жиберилген.

"Альфа Телекомдун" 100% акциясы менчиктештириле турган объектилердин тизмесинде болгондуктан, тендерге даярдануу иштери башталганы маалымдалды.

Кыргыз өкмөтү бул компанияны алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. 2017-жылы анын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланып, түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Акыркы жолу түз сатууда орусиялык жеке ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. Бирок коомчулуктагы сын пикирлерден улам ал ишкер менен келишим түзүлбөй калган.

Быйыл январда “Альфа Телекомду” сатып алууга "АКА минералз энд майнинг" ишканасы да сунуш берген. Бул компания кытайлык "Huawei Technologies" менен кошо Кыргызстандагы “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга макулдук бергени белгилүү. (NT)