Сирияда курман болгон орус учкучунун сөөгү мекенине кайтарылды

Сириядагы орус аскер учактары. 15-март, 2016-жыл.

Сирияда курман болгон орусиялык учкучтун сөөгү 6-февралда мекенине кайтарылды. Маркум Роман Филипповго "Орусиянын Баатыры" деген наам ыйгарылды. СУ-25 аскер учагы 3-февралда Идлиб чөлкөмүндө исламчы жоочулар тарабынан атып түшүрүлгөн. Учкуч Филиппов секирүүгө үлгүргөн, бирок атышууда мерт болгон.

Орусия Сириядагы аскердик иш-аракеттерин 2015-жылдын күзүнөн бери жүргүзүп келатат. Президент Владимир Путин орус аскерлерин чыгаруу тууралуу буйругун бир нече жолу кайталаган.

Расмий маалыматтар боюнча, 40тан ашуун орусиялык жоокер Сирияда мерт болду. Ал эми өз алдынча иликтөө топтору менен маалымат каражаттары курман болгондордун саны мындан да көп экенин белгилешет.