Салянованын сотунда чуу чыкты

Бишкек шаардык соту.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын сотунда судья Ирина Воронцова адвокат Рабига Садыкованын жарыш сөзүн токтотту. Натыйжада соттук жыйын нааразылык менен коштолуп, чуу чыкты.

Судьянын айтуусунда, адвокат буга чейин айтканын кайталап жатат.

- Сиз эртең менен айтканыңызды кайталап жатасыз. Бул сотту атайылап созуу аракети жана ал сизге да сый алып келбейт, - деди судья.

Көпкө созулган талаш-тартыштардан кийин сот кайрадан адвокатка жарыш сөздү улантууга мүмкүнчүлүк берди, бирок кайталанма сөздөр коштолсо анын сөзү токтотуларын эскертти.

Рабига Садыкова бүгүн эртең мененки саат тогузда жарыш сөздү баштап, азыркыга чейин сүйлөп жатат.

Адвокаттан кийин Салянова өзү акыркы сөзүн сүйлөйт.

Аида Саляновага карата кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (SDz)

Аида Салянованын соту. 06.02.2018