Бүгүн таңга маал Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн күчү анын очогу болгон Алай районунун Сары-Могол айылынан 22 чакырым түштүк-чыгыштагы жерде төрт баллга жетти.
Жер титирөөнүн күчү Алай районунун Бар-Дөбө, Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга сезилди.
Баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (BkA)