Петербургда оппозициячыл Константин Синицын киши колдуу болду

Исаакий соборунун Орус православ чиркөөсүнө берилишине каршы акция. Санкт-Петербург, 12- январь, 2017-жыл.

Оппозициячыл Константин Синициндын киши болдуу болгон сөөгү Санкт-Петербургдан табылганын депутат Борис Вишневский билдирди.

Маалыматка караганда, Синицын башына алган соккудан каза тапкан. Сөөгү өзү жашаган үйдүн подъездинен 26-январда эле табылган. "Фонтанка" басылмасы полиция Синицын көзү тирүү кезинде акыркы болуп көргөн деген кишини кармаганын кабарлады.

53 жаштагы Синицин оппозициялык акциялардын туруктуу катышуучусу болгон. 2015-жылы "Платон" системасына каршы чыккандарды колдогон. Исаакий соборунун светтик макамын кубаттаган акцияларга да тынбай катышып келген.