Каракол: директорду өлтүргөн деп айыпталган аял 15 жылга кесилди

Медколлеждин маркум директорунун жакындарынын митинги. 17-ноябрь, 2017-жыл.Каракол шаары.

Каракол шаарында жайгашкан Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директорун өлтүрдү деп айыпталган Раушан Муканбетова боюнча Ысык-Көл облустук соту 2-февралда чечим чыгарды. Ал медколлеждин директору Анарбүбү Абсалиеваны өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, он беш жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди. Бул тууралуу маркумдун жакындары "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Каракол шаардык соту 2017-жылдын 15-ноябрында директордун өлүмүнө шектүү деген медколлеждин эсепчиси Раушан Муканбетованы "адам өлтүрүү" беренеси менен актап, "окуу жайдын 200 миң сомун өз кызыкчылыгына колдонгон" деген негизде алты жылга эркинен ажыраткан. Раушан Муканбетова жаза мөөнөтүн 12 жаштагы баласы 14 жашка чыкканда өтөөрү айтылган. Шаардык соттун мындай чечимине нааразы болгон маркумдун туугандары облустук сотко кайрылышкан.

Анарбүбү Абсалиева 2016-жылдын 17-ноябрында 23 жолу денесине бычак сайылып, өз үйүндө киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү деп ошол эле окуу жайдын бухгалтери Раушан Муканбетова кармалып, тергөөдө шектүү жаран кылмышты мойнуна алганы кабарланган. Бирок анын жакындары Муканбетова күнөөсүз экенин айтып келишет. (AsM)