Орусиянын атайын кызматтарынын башчылары АКШга келип кетти

Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников.

Акыркы бир нече убакытта Орусиянын үч атайын кызматынын жетекчилери АКШга барып кетишти. Байкоочулар тараптардын мамилелери чыңалып турган кезде бул өтө таң калычтуу экенин белгилеп жатышат.

Орусиянын АКШдагы элчиси Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин Вашингтондо америкалык жооптуу расмий адамдар менен терроризмге каршы күрөш жана башка маселелерди талкуулаганын билдирген. Ошол эле маалда Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников жана Аскердик чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси генерал-лейтенант Игорь Коробовдун иш сапарлары тууралуу айтылган эмес.

31-январда "The Washington Post" гезити Бортников өткөн жумада Вашингтондо Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Майк Помпео менен кездешкенин жазды.

Айрым серепчилер атайын кызматтардын жетекчилери Доналд Трамптын администрациясы Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялардын алдында барышканына көңүл бурушат. 29-январда кабыл алынган чараларды кээ бир байкоочулар өтө жумшак деп баалашат.

Помпео жакында Би-Би-Си менен болгон маегинде "америкалык жана орусиялык чалгындоо мекемелери кызматташат, бирок Орусия мурдагыдай эле атаандаш өлкө бойдон калууда" деген.