Сапар Исаков ЕАЭБдин жыйынына катышканы Казакстанга барат

Сапар Исаков.

Бүгүн премьер-министр Сапар Исаков Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт аралык жыйынына катышуу үчүн Казакстанга барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Алматы шаарында өтө турган биримдиктин саммитине Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев төрөгалык кылат. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары интеграциялык бирикмелердин өнүгүшүн жана нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу маселелерин талкуулашат.

Мындан сырткары, саммиттин күн тартибине агроөндүрүш тармагындагы кызматташтык жана чек ара соодасындагы атаандаштыктын тартиптери жөнүндө сүйлөшүү да кирген. Товарларга белги коюу боюнча макулдашууга кол коюлары айтылууда. (КЕ)