Ош базарында чыккан өрттүн чыгымы жана себеби тактала элек

Ош базарындагы өрт. 30-январь, 2018-жыл.

Бишкек шаарынын Ош базарында өрттүн эмнеден улам чыкканы жана андан келтирилген материалдык чыгымдар такталып жатат, бирок азырынча эсептелип бүтө элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, тилсиз жоодон Ош базарында жайгашкан “Сейтек” жана “Берекет плюс” соода комплекстери зыян тарткан.

“Сейтекте” 108, “Берекет плюста” он соода түйүнү күйүп кетти. Өрттүн жалпы аянты 3500 чарчы метрди түзгөн.

30-январда эртең менен саат 09:40та Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде, Ош базарында орун алган аталган соода комплекстеринен өрт чыгып, ал үч сааттан кийин чектөөгө алынган. Кечки саат 18:29да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Киши өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Эки адам жеңил ууланып, жеринде медициналык жардам алган.