Исаков: Айбек Калиевдин арызын кабыл алган жокмун

Cапар Исаков жана Айбек Калиев (оңдо) Бишкек Жылуулук борборунда. 27-январь, 2018-жыл.

Бишкектеги жылуулукка байланышкан кырдаалдан кийин "Улуттук энерго холдинг" компаниясынын төрагасы Айбек Калиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазганы белгилүү болду. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирип, Калиевдин арызын кабыл албаганын кошумчалады:

- Мага бир киши келип арызын берди. Калиев Айбек Рыспекович. Бирок мен ал арызды кабыл алган жокмун. Аны азыр жактагым келбейт. Бирок аябай аракеттенип, күйүп-бышып, күнү-түнү уктабай жүрөт. Албетте, көйгөйлөр көп, Айбек Рыспековичте да күнөө бар.

Айбек Калиев "Улуттук энерго холдингдин" жетекчиси болуп 2016-жылдын январында дайындалган. 2015-жылдын этегинде Энергетика министрлиги жоюлган. Электр энергиясын өндүрүүчү, ташуучу жана бөлүштүрүүчү ишканалардын баары бириктирилип, аталган холдинг түзүлгөн. Бийлик ушундай жол менен тармактагы коммерциялык жоготууларды азайтып, коррупцияны жеңсе болорун билдирген. (NT)