Токтакунов: өлкөнүн бюджети ачык боло баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте "Эл аралык бюджеттик кызматташтык" уюму Кыргызстандын бюджеттик ачык-айкындуулугу боюнча дүйнөлүк рейтингдеги индексин жарыялайт. Уюмдун өнөктөшү, “Прецедент” уюмунун жетекчиси Нурбек Токтакуновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кийинки учурда Кыргызстанда бул багытта абал оңолууда. Ал муну өлкөдө жарандык коомдун кызуу иштеп жатканы менен байланыштырды.

- Биздин рейтинг аз-аздан өсүп жатат. Мисалы, бюджеттин ачыктыгы 100% болуш керек болсо, 2008-жылы 8% пайызды гана түзгөн. Анда республикалык бюджет тууралуу мыйзамы эки барак менен гана көрсөтүлүп, жадыбал, тиркемелер берилчү эмес. Негизги маалымат ошол тиркемелерде. 2010-жылы бул көрсөткүч 15% өскөн, 2012-жылы 20 пайызга чыккан.

2015-жылы бюджеттин ачыктыгы боюнча 100 мамлекет арасында байкоо жүргүзүлүп, Кыргызстан 34-орунду ээлеген. "Эл аралык бюджеттик кызматташтык" уюму мамлекеттердеги каржылык ачык-айкындуулукка эки жыл сайын байкоо салат. 2008-жылы Кыргызстан акыркы тепкичтерде турган. (КE)