Темир Жумакадыровдун өлүмү боюнча соттук териштирүү уланат

Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу. 9-октябрь, 2017-жыл.

Бүгүн Чүй облусундагы Москва райондук соту маркум премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмүнө байланыштуу ишти кароону улантат. Бул күнү эксперт көрсөтмө берип, жарыш сөз сүйлөнөт. Бул тууралуу Жогорку соттун өкүлдөрү маалымдашты.

25-январдагы алгачкы отурумда соттолуп жаткан 25 жаштагы Афтандил Таалайбек уулу күнөөсүн мойнуна аларын, 2 млн. 127 миң сом чыгымды төлөй албасын айткан. Анын жүк ташуучу унаа айдоого укук берген Е категориясындагы күбөлүктү кырсыкка чейин төрт ай мурда алганы белгилүү болгон.

38 жаштагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрь күнү Бишкек-Чалдыбар жолунда жол кырсыгынан каза болгон. Ал отурган "Тойота -Лэнд Крузер" автоунаасы буудай тартып бараткан "КамАЗ" автомашинасы менен кагылышып, натыйжада Темир Жумакадыров жанындагы жардамчысы - 30 жаштагы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу - 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов менен кошо каза тапкан.

Жол кырсыгына күнөөлүү экени айтылган "КамАЗдын" айдоочусуна кылмыш иши козголуп, ал тергөө абагына камалган.

Жумакадыров президенттик шайлоого Талас облусунун даярдыгын текшериш үчүн бараткан. (КЕ)