Баш калаада эки киши суукта тоңуп каза тапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык "Тез жардам" станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев тоңуп каза тапкан үй-жайсыз эки адамдын сөөгү Чыңгыз Айтматов жана Насирдин Исанов көчөлөрүндө табылганын кабарлады. "Тез жардам" кызматы өткөн түнү үй-жайсыз дагы 12 адамга ыкчам жардам көрсөтүп, аларды атайын жылынуучу жайларга жеткирген.

Абдылдаев азыр станциядагы 11 машина жетишсиз болуп, автоунаалардын көпчүлүгү суукта от албай жатканын кошумчалады.

Акыркы күндөрдөгү аяздан улам Бишкек шаардык мэриясы жылынуучу чатырларды уюштурган. Эки күндөн бери мындай жылынуучу алачыктарга 753 адам кайрылган. Жарандарга шаар көчөлөрүндө жайгашкан чатырларда ысык чай да берилип жатат. (SDz)