Эрте никенин кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүрөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик мекемелердин, аймактагы тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнө жашы жете электе никеге туруунун кесепеттерин жана ага каршы мыйзамдын талаптарын түшүндүргөн иш-чара өтөт. “Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, бул багытта кабыл алынган мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат берилет:

- Бата берген, жаштардын никесин кыйган молдолор дагы Кылмыш-жаза кодексинин чегинде жоопкерчиликке тартылып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Облустагы тиешелүү мекемелердин кызматкерлерине, өкмөт өкүлдөрүнө бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Кыргызстанда жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам 2016-жылы кабыл алынган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейин турмуш кургандардын саны жалпы никеге тургандардын 13 пайызын түзөт. Бириккен Улуттар Уюмунун 2016-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда турат. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн статистика комитетинин маалыматына караганда, 15-19 жашында көз жаргандар боюнча Кыргызстан Азербайжандан кийинки экинчи орунда. (КЕ)