Кыргыз-өзбек чек арасында атылган октон кыргызстандык жараат алды

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун тургуну Өзбекстандын чек арачыларынын огунан жараат алды. Ал 27-январда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде кой жайып жүрүп, Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акбаралиев кабарлады.

- Жергиликтүү тургун тоого кой жайып чыккан экен. Кой өтүп кеткенде айдаганы барып, өзбекстандык чек арачылардын "токто" дегенине карабай качып баратканда ок атылган. Азыр анын акыбалы жакшы, учурда Чуст районундагы ооруканада жатат.

Акбаралиевдин айтымында, кыргызстандык жаранды өткөрүп алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал бүгүн кечке чейин же эртең бул маселе чечилерин кошумчалады.

Чек ара кызматынан бул боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок. (КЕ)