Кабулдагы жарылуудан токсон беш адам мерт болду

Кабулдагы госпитал. 27-январь, 2018-жыл

Кабулдагы госпитал. 27-январь, 2018-жыл

27-январда Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы жарылуудан улам алтымыштан ашуун адам каза таап, 158дөй киши жарадар болгонун “Рейтер” агенттиги маалымдады.

Жарылуу Швеция, Индия, Индонезия элчиликтери менен Европа Биримдигинин полиция башкармалыгынын өкүлчүлүгүнүн имараттары жайгашкан райондо болгон. Аны ишке ашырган адам тез жардам унаасы менен көзөмөл пункттардан өтүп барып жарылганы айтылууда.

Бул жарылуу январь айында Кабулда болгон үчүнчү теракт. 4-январда жанкечти террорчу полиция блокпостунун жанында жарылып, он киши каза таап, 20 адам жарадар болгон.

20-январда радикал топ "Интерконтиненталь" мейманканасына кол салып, 18 адамды өлтүрүшкөн. (BCh)