Бишкек: үйлөргө жылуулук качан берилери белгисиз

Бишкек Жылуулук борбору. 27-январь, 2018-жыл

Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек жылуулук борборунун жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБдин убактылуу иштен чыккан жабдууларын оңдоо иштери уланып жатат. Азырынча энергетиктер элге качан жылуулук берилерин так айтыша элек. Ушул убакытка чейин кырсыктын себептери аныкталган жок. Өмүркул уулу үч эски казан жарылды деген маалыматты төгүндөдү. Кырдаалга байланыштуу кызматтан кетүүгө даяр экенин да айтты.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук борборундагы кырдаал менен таанышып, өндүрүштүк кырсыктын себептерин дыкат иликтөөнү тапшырган. (КЕ)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

ЖЭБдеги оңдоо иши качан бүтөрү белгисиз