Сапар Исаков: ЖЭБдеги кырсыкка күнөөлүүлөр жазаланат

Өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек Жылуулук борборуна барды. 27-январь, 2018-жыл.

Бүгүн, 27-январда премьер-министр Сапар Исаков өндүрүштүк кырсык орун алган Бишкек жылуулук борборунун абалы менен таанышты. Өкмөт башчы кырсыктын себептерин кылдат иликтеп чыгууну тапшырды жана күнөөлүүлөр жазалана турганын айтты. Бул тууралуу өкмөт башчынын кеңешчиси Гүлнара Торалиева билдирди. Өкмөт Бишкекте жылытуу пункттарын жана ысык тамак уюштуруу тапшырмасын берди. Бул үчүн каражат бөлүндү.

Буга чейин өкмөттүн маалымат кызматы Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлаган.

26-январда ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган айрым жабдуулары убактылуу иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Мындан улам үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 52 градуска төмөндөгөн. (КЕ)