Киевдин соту Саакашвилини үй камагына чыгарды

Михаил Саакашвили

Киевдин апелляциялык соту Грузиянын экс-президенти, Одессанын мурдагы губернатору Михаил Саакашвилини үй камагына чыгарды. Муну менен сот прокуратуранын арызын канааттандырды. Соттун чечимине ылайык, Саакашвили кечки саат 10дон эртең мененки 7ге чейин үйдөн чыкпашы керек. Бул тууралуу “Украинская правда” басылмасы жазды.

Саакашвили муну саясий ишмердүүгүнө чектөө киргизүү катары баалады. Ал Украинанын президенти Петро Порошенконун отставкасын талап кылган акцияларды улантарын убада кылды.

Өткөн жылдын декабрь айында Киевдин Печерск райондук соту саясатчыны үй камагына чыгарууга каршы чыккан.

Украин бийликтери Саакашвилиге 2014-жылы бийликтен кулаган экс-президент Виктор Янукович башында турган “кылмыштуу топко” көмөктөшкөн деген кине коюшкан. Киев Саакашвили жетектеген нааразылык демонстрацияларды Украинага каршы “Орусиянын кутуму” деп билдирген.

Грузиянын экс-президенти, Одессанын мурдагы губернатору мындай айыптардын баарын четке каккан.

5-январда Тбилисинин соту Саакашвилиге 12 жыл мурдагы грузин банкиринин өлүмүнө байланыштуу айып тагып, үч жылга сыртынан кескен.(КЕ)