Давос: Кыргыз учактарын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси талкууланды

"Манас" эл аралык аэропорту.

Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан 48-дүйнөлүк экономикалык форумда премьер-министр Сапар Исаков баштаган Кыргызстандын делегациясы 24-январда Эл аралык авиация уюмунун (ИКАО) жетекчиси менен жолугушту.

Өкмөт башчынын кеңешчиси Талант Султановдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, анда Кыргызстандын авиакомпанияларын Эл аралык авиация уюмунун "кара тизмесинен" чыгаруу маселеси көтөрүлдү.

- Эл аралык авиация уюмунун башчысы бизге жакшы сунуштарды берди. Ошолордун баарын эске алып, иштейбиз деп турабыз, - деди Султанов.

Аталган уюм менен Евробиримдиктин Кыргызстанды "кара тизмеге" кошуп, кыргызстандык учактарды өз аймагына киргизбей келе жатканына он жылдан ашты. Буга учактардын эскилиги жүйө келтирилген.

Буга чейин Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги “кара тизмеден” чыгуу тууралуу арызды "Кыргызстан 2019-жылы гана бере алат" деп билдирген. (NT)