Транспорт министрлигиндеги ири каржылык мыйзам бузуу ачыкка чыкты

Балыкчы-Корумду жолунун курулушунан тартылган сүрөт. 28-июль, 2016-жыл.

Кыргызстандын Эсеп палатасы Транспорт жана жолдор министрлиги 2016-жылы 235 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузууга жол бергенин аныктап чыкты. Аудитор Ишенбек Медетовдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, каржылык мыйзам бузуунун басымдуу бөлүгү жолдорду оңдоодо иштин, материалдын баасын ашырып көрсөтүү менен байланыштуу:

- Курулуш-кураштыруу иштеринин көлөмүн ашыруу боюнча 225,6 миллион сомду, товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиги же болбосо кем чыгышы 7,7 миллион сомду, ошондой эле эмгек акыны негизсиз төлөө 1,9 миллион сомду түзгөн. Мындан эң негизги каржылык мыйзам бузуу фактылары Балыкчы-Тамчы-Корумду жолун, Бишкек шаарындагы "Манас" аэропортуна кетчү жолду оңдоо долбоорлоруна байланыштуу болгон. Мисалы, Балыкчы-Корумду жолунда долбоор боюнча сульфатка туруктуу цемент колдонулушу керек болчу. Иш жүзүндө Кант цемент заводунан чыккан кадимки эле цементти колдонулуп коюшкан жана айырма 118 миллион сомду түзгөн. Андан сырткары жумуш ашыкча көрсөтүлүп, анын акчасын 762 миң сомго негизсиз көбөйтүлгөн.

Эсеп палатасынын маалыматына караганда, мындан улам бюджеттеги жоготуу 175,5 миллион сомду түзгөн. Дагы 11 миллион сом сарамжалсыз пайдаланылган. Мекеме министрликтеги каржылык мыйзам бузуу фактылары тууралуу президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана укуктук баа берүүнү сурап Башкы прокуратурага кайрылды.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын билдиргени боюнча, келип түшкөн бул материалдар дагы эле каралып жатат. Президенттин, өкмөттүн аппараты миллиондогон сомдук каржылык мыйзам бузуу тууралуу азырынча комментарий бере элек. (EBM)