ИИМ: Машине уурдоого министрдин орун басарынын катышы жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Орусиядан уурдалган кымбат баалуу машинелердин Кыргызстандан табылышына "министрдин орун басары Данияр Абдыкаровдун жана анын кол алдындагылардын катышы бар" деген маалыматты четке какты. Мекеме тараткан билдирүүдө "бул маалымат коомчулуктун алдында ички иштер органдарынын кадыр-баркын түшүрүү максатында даярдалган" деп айтылат.

Ошондой эле Абдыкаровду сындады деген Арсланбек Тойдиев аттуу жаран өзү байланышка чыгып арыз жазганы, анын атынан белгисиз бирөөлөр Интернетте жалган маалымат таратканын жана макалага тиешеси жоктугун айтканы белгиленген.

ИИМ 19-январда Орусиядан уурдалган кымбат баалуу 45 автоунаа Кыргызстандан табылганын жана алардын VIN-коду өзгөртүлгөнүн жарыялаган. Министрлик машинелердин качан кармалганын тактаган эмес. ИИМ орус жарандарынан түзүлгөн кылмыштуу топ Орусиянын аймагынан автоунааларды айдап качуу менен алектенерин, анын курамында Кыргызстандан барган жарандар да бар экенин кошумчалаган. Алар жасалма документтер менен мыйзамсыз түрдө машинелерди Казакстанга, андан кийин Кыргызстанга айдап келишип, жасалма документтерди мыйзамдаштырып, даярдап келгенин кабарлаган.

Фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, 19 шектүү аныкталганы, арасында жооптуу кызмат ээлегендер да бар экени, дагы он бир адам сот чечими менен камакка алынып, үч кишиге издөө жарыяланганы белгилүү болгон.

Бул кабардан кийин 23-январда "Telegra.ph" сайтында Арсланбек Тойдиев аттуу жарандын атынан "Менин өлүмүмө министрдин орун басары Абдыкаров күнөөлүү болот" деген билдирүү жарыяланган. Анда "издөө жарыяланды" деген үч кишинин катарында Тойдиев да бар экендиги, милиция кызматкерлери анын көзүн тазалоого кызыкчылыгы болгондуктан өмүрү коркунучта экени жазылган. Билдирүүдө ИИМдин "кылмышка эки эле аткаминер аралашкан" деген маалыматы чындыкка дал келбей тургандыгы, эгерде парламенттин, өкмөттүн жана министрликтин машинелерин текшерсе көп мыйзам бузуу фактылары ачыкка чыгары маалымдалган болчу. (NT)