Бишкекте таңдайы жок төрөлгөн 350 балага операция жасалды

Бишкектеги ооруканалардын бири.

2017-жылы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун бет-жаак хирургиясы бөлүмүндө таңдай, ооз кемтиги менен төрөлгөн 350 балага операция жасалган.

Аталган бөлүмдүн башкы дарыгери Алтынбек Мамыралиев тубаса жаак жана ооз кемтигине энелердин кош бойлуу кездеги жугуштуу оорулары, начар экология жана оор социалдык шарттар себеп болуп жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Таңдай, ооз кемтиги менен төрөлгөндөргө медициналык тейлөө акысыз болушу керек. Операция толугу менен мамлекеттин эсебинен жасалат. (BCh)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таңдай кемтиги менен төрөлгөндөр арбыды