"Таза суу" долбоорунда алешемдиктерге жол бергендер жоопко тартылган эмес

Кыргызстандагы айылдардын бири. (Архив)

Кыргызстандагы айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча "Таза суу" долбоорунда кемчиликтерди кетирген бир да ишкана, мекеме же жаран жоопко тартыла элек. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба агенттигине караштуу Таза суу менен камсыздоо департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, аталган долбоордун ​биринчи этабында долбоорчулардан, курулушчулардан баштап кетирилген кемчиликтер көп болду.

- Жерине барбай туруп долбоор чийип койгон, эски түтүктөрдү, эски жабдыктарды орноткон учурлар болду. Коррупциялык аракеттерден улам ушундай абалга келгенбиз. Биринчи этапта бул иштерди жасагандардын баарын тактап, 2012-2013-жылдары прокуратурага, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына да бергенбиз. "Кылмыш иштеринин мөөнөтү өтүп кетти" деген негизде бирөө да жазаланбай калды.

2001-жылы башталган “Таза суу” долбоору 2011-жылга чейин колдон колго өткөн. 2009-жылы долбоордун биринчи этабы жыйынтыкталып, 500дөн ашык айылга суу түтүгү киргизилген деп айтылган. Бирок долбоорлоо иштери, тендер өткөрүү, суу түтүктөрүн куруу коррупциялык айла- амал менен коштолгону, натыйжада миллиондогон каражат кымырылып кеткени белгилүү болгон. Мындан улам Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотуп койгон.

Долбоорду алгач Айыл чарба министрлиги, андан кийин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу улуттук агенттиги, Жаратылыш ресурстары министрлиги, андан соң Суу чарба мамлекеттик комитети көзөмөлгө алган эле. 2012-жылы Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине - АРИС уюмуна өткөн. Аталган уюм долбоор 2014-жылы ийгиликтүү аяктагандыктан, эл аралык донорлор Кыргызстанга ишенип, акча бөлүп жатканын маалымдады. Өкмөт эми АРИС менен биргеликте "Таза суу" долбоорунун ордуна "Ала-Тоо булагы" деп аталган жаңы долбоорду ишке киргизди. Өлкөдө 1813 айыл болсо, анын 631и таза сууга муктаж.