Орус парламенти Кыргызстандын карызын кечүү протоколун ратификациялады

Орусия менен Кыргызстандын желектери.

Орусиянын Мамлекеттик думасы Кыргызстандын Орусияга карызын жөнгө салуу боюнча өкмөт аралык макулдашуунун протоколун ратификациялады. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик ТАСС маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек Москвадан 240 млн. доллар карызынан кутулат.

Кыргызстандын Орусияга болгон карызын кечүү тууралуу протоколго Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр 20-июнда Москвадагы жолугушуусунда кол коюшкан.

Жогорку Кеңеш бул боюнча макулдашуу протоколун былтыр 2-ноябрда ратификациялап, мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 9-декабрда кол койгон.

Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылы Кыргызстандын жалпы карызынын суммасы 488,9 миллион доллар болчу. 2012-2013-жылдардагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусия 2013-жылы карыздын 188 миллион долларын кечкен.

Калган 300 миллион доллар "10 жылга созулган мөөнөттө кыскартылат" деген негизде келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 2016-2017-жылдары 300 миллиондон 60 миллион доллар кыскарып, жыйынтыгында 240 миллион доллар карыз калган эле. (ErN)